Ресторан директору

Ресторандын баардык ишин башкарат. Директордун милдети – ресторандын үзгүлтүксүз иштөөсүн ар дайым камсыз кылуу, жаңы конокторду тартуу, ресторандын кирешесин көбөйтүү, кызматкерлерди алуу жана команданы түзүү.

Директор – менеджерлердин жана катардагы кызматкерлердин командасына үлгү болуп эсептелет. Команданын лидери болуп, баарын бир максатка жеткирүүгө жол салат. Ал карамагындагы кызматкерлерге колдоо көрсөтөт жана алардын аракеттенип жана ийгиликке жетишип турган үчүн сыйлыктарды берип турат.

Директор – бул чечим кабыл алган, ресторандагы иштерди башкарган, коноктор жана кызматкерлер үчүн ресторанда жагымдуу атмосфера түзгөн адам.

резюмени жөнөтүү

  • Жеке сапаттар

    Атмосфера

    Эл аралык компаниядагы жумуш професиионалдык жагынан өсүү мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылат. Ар бир кызматкер үчүн биз өзүнчө окутуу жана өнүгүү планын түзүп беребиз. Жөнөкөй кызматкерден директордун орунуна чейин өсүүгө баардык мүмкүлүнчүктөр түзүлгөн!

    Татыктуу эмгек акы жана баалоо

    Ийгилик, тырышчаактык, компаниянын стандарттарына ылайыктуулук сөзсүз түрдө сыйланат. Сыйлыктар ар түрдүү: грамотадан баштап баалуу белектерге чейин болушу мүмкүн. Компания үчүн жасалган күжүрмөн эмгек жана лоялдуулук эч качан көз жаздымында калбайт.

    Окутуу

    Биздин компания менеджерлерди окутуу үчүн үч түрдүү программаны колдонот. Биринчиден, бул жаңы келген менеджерлер үчүн өткөрүлгөн тренингдер. Бул тренингдеги аттестациядан кийин кызматкер жаңы милдетине толук түрдө даяр болот. Милдетке жана талапкердин даярдыгынын деңгээлине жараша 6 жумадан 20 жумага чейин созулуусу мүмкүн. Экинчиден, кызматтагы менеджерлер үчүн өткөрүлгөн семинарлар. Алардын максаты кесиптик жөндөмдөрдү жогорулатуу, жаңы башкаруу технологияларын жайылтуу.

  • Иш орундун оң жактары

    Өзгөчө ойлон!

    Биз сага стереотиптердин жана калыптардын сыртында өзгөчө ойлонууну үйрөтөбүз. Биз менен сен ар бир күнү жаңы маалыматты билесиң, жаңы шыктарды үйрөнөсүң жана жаңы адамдар менен таанышасың. Ошондуктан сага жаңы идеялар жана өзгөчө чечимдер көпкө күттүрбөстөн келет! Сен жашоодогу жаңы жолдорду ачасың!

    Оңой баарлаш!

    Ар бир адам менен ар дайым тил табышуу! Бул чындык эмес деп ойлойсуңбу? Биз сага баарлашуу өнөрүнүн сырын ачабыз. Коноктор менен же команда менен иштөөдө кандай абал болбосун эми ар дайым керектүү сөздү таба аласың!

    Лидер бол!

    Сен башкаларды шыктандыра аласың, сага ишенишет жана сени колдошот! Сен бизден команданы башкарууну, ишендирүүнү жана ээрчитүүнү үйрөнүүдөн сырткары, жашооңдун баардык тармагында чыныгы лидер болууну үйрөнөсүң!

    Кыялдарыңды ишке ашыр!

    Максатты белгилөө жана ага жетүү – ийгиликтин ачкычы болуп эсептелет. Сенин жеңиштериң үчүн биздин позитивдүү маанайыбыздан жана күчүбүздөн мыкты эмне бар? Биз менен биргиликте сен кыялдарыңды ишке ашыра аласың!