Ресторан кызматкери - тажрыйбасыз ишчилер үчүн компаниядагы башталгыч иш оруну

Эгер сен ачык, позитивдүү, жоопкерчиликтүү жана активдүү болсоң – KFС компаниясынын эшиги сен үчүн ачык! Сени бул жерде кызыктуу жумуш, жагымдуу атмосфера, көптөгөн эсте каларлык нерселер жана достор тосуп алат! Эгер сен биздин компания менен кошо өнүгүүгө кааласаң жана уюштуруучунун шыктарын көрсөтсөң, анда сени карьералык тепкич күтүп турат!

Эмнеге бул жумуш оруну ушундай болуп аталган? Ресторандын баардык кызматкерлери чогуу, бир команда болуп иштешет. Бири-бирибизди колдоо жана жардам берүү менен биз бардык нерсени чогуу жеңебиз! Ресторан кызматкерлери эч качан зеригишпейт, себеби жумуш ар түрдүү жана кызыктуу. Биз KFCнин фирмалык тамактарын даярдайбыз, коноктордун бизге кайрадан келүүсү үчүн ар бир күнү татыктуу кызмат кылабыз.

Биз – коноктордун күйөрмандарыбыз! Эң башкысы биз позитивдүү энергия менен иштейбиз, ошондуктан биз баарына ачык маанайыбызды ар дайым таратабыз! Сенин жумушуң ырахаттануу, татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү алып келүүсү үчүн, биз сага жакшы стимул болуп берген компенсация программасын түзгөнбүз.

  • Иш орундун оң жактары

    Өзгөчө ойлон!

    Биз сага стереотиптердин жана калыптардын сыртында өзгөчө ойлонууну үйрөтөбүз. Биз менен сен ар бир күнү жаңы маалыматты билесиң, жаңы шыктарды үйрөнөсүң жана жаңы адамдар менен таанышасың. Ошондуктан сага жаңы идеялар жана өзгөчө чечимдер көпкө күттүрбөстөн келет! Сен жашоодогу жаңы жолдорду ачасың!

    Оңой баарлаш!

    Ар бир адам менен ар дайым тил табышуу! Бул чындык эмес деп ойлойсуңбу? Биз сага баарлашуу өнөрүнүн сырын ачабыз. Коноктор менен же команда менен иштөөдө кандай абал болбосун эми ар дайым керектүү сөздү таба аласың!

    Лидер бол!

    Сен башкаларды шыктандыра аласың, сага ишенишет жана сени колдошот! Сен бизден команданы башкарууну, ишендирүүнү жана ээрчитүүнү үйрөнүүдөн сырткары, жашооңдун баардык тармагында чыныгы лидер болууну үйрөнөсүң!

    Кыялдарыңды ишке ашыр!

    Максатты белгилөө жана ага жетүү – ийгиликтин ачкычы болуп эсептелет. Сенин жеңиштериң үчүн биздин позитивдүү маанайыбыздан жана күчүбүздөн мыкты эмне бар? Биз менен биргиликте сен кыялдарыңды ишке ашыра аласың!

  • Биз сага мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз

    Баарына жетишким келет!

    Биз ийкемдүү графиктеги жумуш жана үйүңө же окууң жакын ресторанды тандап алуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылабыз. Достор, эс алуу, жумуш, билим алуу, спорт, жаңы таасирлер – биз менен баарына үлгүрөсүң!

    Өз алдымча болгум келет!

    Келечегиң сенин колуңда. Бүгүнкү күн менен жаша! Жогорку эмгек акы өз алдыңча болууга жардам берет.

    Өзүм өсүп-өнүккүм келет!

    Эл аралык компаниядагы жумуш професиионалдык жагынан өсүү мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылат. Ар бир кызматкер үчүн биз өзүнчө окутуу жана өнүгүү планын түзүп беребиз. Жөнөкөй кызматкерден директордун орунуна чейин өсүүгө баардык мүмкүлүнчүктөр түзүлгөн!